БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Кыргызстандыктар, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алар:
Россияда жашаган жакын туугандары (өмүрлүк жары, ата-энеси, балдары, асырап алуучусу, асырап алынгандар), Россия жарандарынан камкорчулары барлар;