Ак-Бууранын аталышы анын көбүрүп, төөнүн кирген буурасындай болуп акканынан улам айтылып калган деген элдик түшүнүк бар. Мындан сырткары, монгол элине жакын евент тилинде "бира", ал эми тунгус, якут тилдеринде "буур" сөздөрү дарыя дегенди билдирет. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып маалымдады.
Топонимисттин айтымында, Таластагы Кара-Буура дарыясы менен Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын аталыш мааниси бир сөздү туюндурат.
"Ак-Буура дарыясы Алай кырка тоосу менен Кичи Алай кырка тоосунун тутумдаш жеринен башталып, чыгышка карай агып, түндүк тарапка бурулуп Ош шаарын аралап, Фергана өрөөнүндө сугат тармактарына бөлүнүп кетет. Ак-Буура Кыргызстандагы эң узун дарыялардын катарын толуктап, узундугу 140 чакырымга жакын. Ал тууралуу жазма маалыматтар X кылымдарга таандык. Ал тарыхта Ош дарыясы, Урес, Уреш деп да аталып келген. Ак-Буура "Манас" эпосунда да жолугат. Эпостогу Кара-Буура дарыясы менен Ак-Бууранын мааниси бир. Оштогу дарыя көбүктөнүп, агарып турганы үчүн "ак" түсү кошулуп айтылса, Таластагы дарыянын астындагы топурак кара өң бергени үчүн Кара-Буура деп аталып калган", — деди Эшенкулов.
Картограф Ак-Буура дарыясы кытай жазма булактарында Ож, Оч дарыясы деп да берилгенин кошумчалады.