Итпи же кишиби? Интернеттеги сүрөт колдонуучулар арасында талаш жаратты

Айрымдары сүрөттөгү сөлөкөттү токойдон чуркап келе жаткан кара күчүк десе, кээ бири токойго кетип бара жаткан кишинин жону деп божомолдошкон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Интернетке жарыяланган сүрөт колдонуучулар арасында талаш жаратты. Айрымдары аны токойдон чуркап келе жаткан кара ит десе, кээ бири токойго кетип бара жаткан кишинин жону деп божомолдошкон. Талаш жаратып, ойлонткон сүрөт The Daily Mail агенттигине жарыяланган.
​"Башында мен аны кишинин сүрөтү го деп ойлогом. Кийин кызыктуудай бутту байкаган соң гана бул күчүк экенин билдим", — деп жазган Tanja Reintjes аттуу колдонуучу.
Көпчүлүк анын оюна кошулган, бирок интернет колдонуучулардын арасынан "сүрөттө киши" деген оюнан кайтпагандар да чыккан.
Баланын коопсуздугун колу менен коргогон мышык. Ич жылыткан видео
"Мен күрмөсүнүн жонунда иттин сүрөтү тартылган кишини көрүп жатам", — деген DJ Isaac.
Колдонуучулардын көбү башкалардын "күчүктү көрүп жатабыз" деген билдирүүлөрүн окуганга чейин аны кишинин сүрөтү го деп божомолдоп жатканын моюнга алышкан.
"Мага бирөө күчүк экенин айтпаса, сүрөттөгү киши го деп ойлоп жүрө бермекмин", — деди Manila Maria.
Интернеттин дагы бир колдонуучусу сүрөттө күчүктү көрүш үчүн атайын көз айнек тагынганын жазган.