Эрте тыянак чыгарбагыла! Өмүрбек Бабанов атканадан чыккан өрт боюнча үн катты

Саясатчы тынчсызданган адамдардын баарына жана жерине ыкчам келген Өрт өчүрүү кызматына ыраазычылык билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Саясатчы Өмүрбек Бабанов атканадан чыккан өрт боюнча Facebook баракчасы аркылуу үн катты.
Буга чейин социалдык тармактын айрым колдонуучулары Өмүрбек Бабановдун атканасы өрттөнүп жатканын жазып, видеосун жүктөп, аны бирөөлөр атайын эле өрттөшү мүмкүн деп боолголошкон.
"Өрт 4-февралда түшкү саат 13:25те болгон, бул тиричиликке байланыштуу окуя. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери иликтенүүдө. Ошондуктан сиздерден эрте тыянак чыгарбоону суранабыз. Ыракмат!" — деп жазган Бабанов.
Бабанов тынчсызданган адамдардын баарына жана жерине ыкчам келген Өрт өчүрүү кызматына ыраазычылык билдирген.