Окумуштуулар ичеги рагынын жаңы белгилерин аныкташты

Медиктер ичеги рагынын жаңы белгилери гастропарез (ичеги-карын оорусу) болгондо, ич каткан учурда да байкала турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Ичтин көбүшү ичеги рагынын өрчүп келе жатканынан кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу РИА Новости Британиядагы онкология ассоциациясынын окумуштууларынын тыянагына таянып кабарлады.
Организмге D витамини жетишпей жатканын кайсы симптомдор билдирип турат
Британиялык дарыгерлер мындай белги гастропарез (ичеги-карын оорусу) болгондо, ич каткан учурда да байкала турганын айтышып, эмнеси болсо да ич көпкөн учурда жүрө бербей дарыгерге көрүнүп коюуну эскертишти.