БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапаровага чыккан өкүм жокко чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Эл аралык башкармалыгынын жетекчиси Асилбек Акматов билдирди.
Анын айтымында, Жогорку сот президенттин эжесине карата чыккан райондук жана шаардык соттун чечимдерин жокко чыгарган. Ошондой эле ишти кайра башынан тергөө үчүн материалдар Финполго жиберилген.
Ал эми башкы прокурор Курманкул Зулушев Жапаровага чыккан өкүмдү Жогорку сот ушул жылдын 25-январында жокко чыгарып, баш коргоо чарасын өзгөрткөнүн айтты.
"Эгер өкүм жокко чыгарылган болсо, аны экстрадициялоо боюнча сурам жөнөтүүгө негиз жок болуп калат. Демек, анын күнөөсү алынды, Кыргызстанга эркин келе берсе болот", — деди Зулушев.
Райкүл Жапарова "Ысык-Көл" инвестициялык банкынын башкармалыгынын төрайымы болгон. Ал Кыргызстанда 2015-жылы сыртынан соттолуп, 10 жылга эркинен ажыратылган. Жапаровага мыйзамсыз жол менен алынган акча каражатын же башка мүлктөрдү легалдаштыруу, шылуундук жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча айып тагылган.
Ал Интерпол аркылуу издөөгө алынып, былтыр май айында Польша мамлекетинде кармалган. Башкы прокуратура аны экстрадициялоого кат жөнөтүп, жооп алган эмес.
Жапаровага 2010-жылы апрель окуясынан кийин укук коргоо органдары бир нече жарандын арызы менен кылмыш ишин козгогон. Анда мурдагы президенттин баласы Максим Бакиев башында турган топ аталган банкты рейдерлик жол менен тартып алгандыгы айтылган эле.
Жергиликтүү ЖМКлар анда Максим Бакиев банк кызматкери Райкүл Жапарованын жардамы менен ишкананы мыйзамсыз менчиктеп алганын жазышкан. Кийин аны төрайым кылып шайлашкан.