Чекисттер менен чек арачылар бириксе эле чек ара көйгөйү чечилеби? Пикирлер

Мамлекеттик чек ара кызматынын УКМКга кошулушунун күңгөй-тескейи тууралуу Sputnik агенттигине ушул тармактагы адистер айтып берди.
Sputnik
Чек арачылардын чекисттерге кошулушу тууралуу былтыр эле айтылган. Жакында өкмөт жобосун иштеп чыкты, эми ага президент кол коюшу керек.
Эске салсак, Кыргызстан эгемендик алгандан бери Чек ара кызматы УКМКга үчүнчү ирет кирип жатат. Акыркы жолу 2012-жылы чыгарылган.

Жапаров Ташиевди чек ара маселесин чечүүгө милдеттендирген

Былтыр ноябрдын башында президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Баткен облусунун эли менен болгон жолугушууда бийлик Мамлекеттик чек ара кызматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин карамагына өткөрүүгө белсенип жатканын айткан.
Андан кийин Ош облусунун жашоочулары менен жолукканда Өзбекстан боюнча чек ара маселесине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жоопкерчиликтүү болорун билдирген.
Президент Садыр Жапаров
"Мындан ары чек ара маселесин УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев баштаган комиссия мүчөлөрү чечет. Муну кандай кабыл аласыздар билбейм, бирок биз ушундай пикирге келдик. Чек ара маселесин тез арада чечүү керек, антпесе өлкөдө тынчтык болбойт. Кудай буюрса, жакында Өзбекстан менен бул көйгөй чечилет (такталбаган аймактар — ред.)", — деген Жапаров.
Ага чейин Кубатбек Бороновдун өкмөтүнүн маалымат кызматы Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы макулдашылбаган 10 аймактын бирин макулдашып, бекиткенин билдирген болчу.
Былтыр 14-ноябрда Жапаров Мамлекеттик чек ара кызматы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин курамына киргизилген токтомго кол койду.
"Чек ара кызматынын УКМКнын курамына киргизилген себеби чек араны кайтаруу тутумун өркүндөтүп, эл аралык кылмыштуу топтордун кирүү коркунучуна каршы туруу болду. Ошондой эле чектеш мамлекеттерден өлкө аймагына жүк, товар, баңгизат жана куралдын мыйзамсыз алып келинишине каршы күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, аткаруу органдарынын функцияларын оптималдаштыруу максатында УКМКга өткөрүлдү", — деп билдирген президенттин аппараты. 
1-февралда өкмөт УКМКнын курамына киргизилген Чек ара кызматынын жаңы жобосун иштеп чыккан.
"Бул мамлекеттик чек араны кайтаруучу, чек ара коопсуздугун камсыздоочу жана чек ара саясатын жүзөгө ашырууга жооптуу жана ыйгарым укуктуу орган болуп саналат", — деп жазылган жободо.
Ал эми Чек ара кызматын УКМК төрагасынын биринчи орун басары болуп саналган директор жетектейт. Тиешелүү документке президент кол коюшу керек.

Медетбеков: чечимди колдойм, бирок таяктын эки учу бар

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков эки кызматтын бир болгонун туура деп эсептейт.
Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков
"Башка мамлекеттерде Советтер Союзунан бери чек ара менен атайын кызмат чогуу болуп келген. Биз дагы кайрадан ушул жолду тандаганы турабыз. Бул, биринчиден, ыкчам операцияларды өткөрүүгө, чалгындоо жана контрчалгындоо иштерине жакшы таасирин тийгизет деген ишеним бар. Экинчиден, чек арадагы орчундуу көйгөйлөрдү чогуу анализдеп, бийликке жеткирүү оңоюраак болот. Ошондой эле МЧК менен УКМКнын биригиши аскерлерге дагы, чек арага жакын жашаган тургундарга дагы моралдык жактан дух берип, кызматтын күчөтүлүшүнө жана тыкыр иштешине шарт түзөт", — деди Медетбеков.
Мурдагы чекист Мамлекеттик чек ара кызматы менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин биригиши эл аралык кызматташтыкка эпкинин тийгизиши мүмкүн экенин да жашырган жок.
Марипов: Мамлекеттик каттоо кызматы өзүнчө орган болбойт
"Чек ара кызматы өзүнчө болуп турганда чет мамлекеттен гранттар же башка гуманитардык жардамдар келчү. Эми кызмат УКМКга кошулгандан кийин берилиши күмөн болуп калат, себеби эл аралык уюмдар атайын кызматка жардам берүүдөн баш тартып келишет", — деди Медетбеков.
Ал, мындан тышкары, эки орган бириккенде документтерди алмаштырууга анча көп эмес акча каражат сарпталарын, бирок өлкө коопсуздугу үчүн чыгым башкы көйгөй болбошу керектигин белгиледи.

Мамбеталиев: Чек ара кызматы УКМКга кошулса өз алдынча өнүгө албай калат

Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Искендер Мамбеталиев эки органдын кошулушу туура эмес деп эсептейт.
Чек ара кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Искендер Мамбеталиев
"Чек ара кызматынын Генералдык штабдын ичинде жүргөнү, азыр УКМКга кирип жатканы дагы туура эмес. Чек ара кызматы өз алдынча өнүгө албай келет. Генштабдын начальниги МЧКга байланыштуу кардиналдуу жана стратегиялык чечимдердин бардыгын кабыл алып, негизги кызматтардын жетекчилерин дайындачу. Азыр деле конторага (УКМК) кошулса ушундай бийлик болот. Анда Чек ара кызматы деп атабай эле УКМКнын бир бөлүмү же аскер бөлүгү деп эле коюшпайбы? Мамлекет өгөй баладай мамиле кылып келет", — деди Мамбеталиев.
Ал мындай реформанын аркасы менен эле чек арадагы чыр-чатактар чечилип калат дегенден алыс.
Салык, Бажы кызматтары, Мүлк фонду Экономика жана финансы министрлигине кошулат
"Эки ирет бул кызматтар биригип иштеп көрүшкөн, бирок натыйжасын көргөн жокпуз. Чек ара кызматы чийип берген аймакты кайтарып берет. Эмнеге Казакстан менен Кытайдын чек арасында талаш болбойт, себеби жерлер так чийилген. Такталбаган аймактарда чыр-чатак боло берет. УКМК дагы, Чек ара кызматы дагы делимитация, демаркация маселесин карай турчу орган эмес. Муну президент, өкмөт баш болгон бийлик чечиши керек", — деди мурдагы аскер кызматкери.
Искендер Мамбеталиев кызматтар кошулгандан кийин чек арачылардын айлыгы чекисттер менен теңделип, офицерлердин ал-абалына көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.

Буржуев: чек ара маселеси батыраак чечилиши ыктымал

Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев УКМК менен Чек ара кызматынын кошулушун туура деп эсептейт.
Мамлекеттик чек ара кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы, запастагы полковник Чолпонбек Буржуев
"Чек араны бузуп киргиси келген куралдуу топторго, баңгизат жана мыйзамыз курал-жарактарды ташыгандарга, аткезчилик менен алектенгендерге бөгөт коюу мындан жакшырат. Чекисттер менен чек арачылар ыкчам маалымат алмашып, чогуу аракеттерди көрө алышат. Мындан тышкары, чек арачылардын айлыгы көтөрүлөрү айтылган. Негизи МЧК УКМКда болгону оң болчу, башка мамлекеттерде дагы ушундай. Буга чейин саясий чечимдер менен эки ирет чыгарып салышкан", — деди Буржуев.
Запастагы полковник органдардын биригиши чек ара чырларынын чечилишине көмөк көрсөтөрүнө ишенет.
ЖАМК ИИМдин курамына кирбей турганы айтылды
"Отуз жылдан бери өкмөт алмаша берип, делимитация менен демаркация да токтоп калып жатты. Мунун айынан акыркы үч-төрт жылдан бери ок атышуулар, кан төгүүлөр болду, курман болгондор да катталды. Чек ара кызматынын УКМКга кириши маселени чечүүнү тездеткенге жардам берет деп ойлойм", — деди Буржуев.
Ал коңшу мамлекеттер менен чек араны тактоо ар кандай тобокелдиктерди гана азайтпастан, саясий жана экономикалык алаканы жакшыртарын кошумчалады.
Жакында эле КРдин Куралдуу күчтөрүндө дагы реформа болуп, Генералдык штаб Коргоо министрлигине айланды. Бул өзгөрүү тууралуу дагы эксперттердин пикирин укканбыз.