БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" партиясынын тизмесинен чыкты. Бул тууралуу эл өкүлү өзү парламенттин жыйынында билдирди.
Ал эми партиядан кетишине саясий уюмдагы кээ бир адамдар менен келише албай калганы себеп болгонун кошумчалады.
Ошондой эле Нышанов алдыда эч бир партияга мүчө болуп кирүү ниети жок экенин белгиледи.