Премьер-министр Улукбек Марипов бир тууган инисин кызматтан бошотту

Кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында өкмөт башчы бир тууган инисин Ноокат районунун акими кызматынан бошотту.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Мариповдун бир тууган иниси Бакытбек Марипов Ноокат районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
"Бул премьер-министрдин алгачкы чечимдеринин бири. Чечим Конституциянын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынды. Себеби Бакытбек Марипов өкмөт башчынын бир тууган иниси", — деп айтылат маалыматта.
Дарыгер, экс-депутаттын уулу. Улукбек Марипов тууралуу 7 факты
Мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик органдары аткаруу бийлигинин бир бөлүгү болуп саналат жана түздөн-түз премьер-министрге баш ийет.
33 жаштагы Бактыбек Марипов Ноокат районунун акими болуп өткөн жылдын ноябрь айында дайындалган. Ага чейин аталган райондогу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеп келген. 
Эске салсак, кечээ Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн жаңы курамы бекитилген.