Кубанычбек Жумалиев камакка алынды

Буга чейин депутаттын эки уулу германиялык инвестордун 800 миң долларын төлөбөй койгон деп 29-январда кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Депутат Кубанычбек Жумалиевдин баш коргоо чарасы тандалып, 4-апрелге чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Жумалиев бүгүн кармалып, сотко алынып келген. Алдын ала маалымат боюнча, ал коррупцияга шектелип жатат. 
Алдамчылыкка шектелген Жумалиевдин жакын туугандары үй камагына чыкты
Белгилей кестек, Жумалиевдин жакын туугандарынын үстүнөн германиялык инвестордон алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн. Алар инвестордон 1 миллион долларлык жабдууну алып, 200 миң долларын берип, калганын бербей койгону айтылган. Финпол аларды кармап, компанияларын тинткен. 2-февралда кармалгандар үй камагына чыккан
Ал эми былтыр май айында Башкы прокуратуранын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 323 ("Мыйзамсыз баюу") жана 324-беренеси ("Кызмат адамдарынын ишкерликке мыйзамсыз түрдө аралашуусу") боюнча иш катталган. Анын алкагында Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.
Көп өтпөй бир катар кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн уставдык капиталында Жумалиевдин үлүшү бар экени белгилүү болгон. Ошондой эле ал уюмдаштыруучу, жетекчи болуп саналары жана Жумалиевдин жакын туугандарынын көп сандаган мүлкү аныкталган