Бир суткада коронавирус 70 адамдан чыгып, үч бейтап көз жумду

Стационарда дарыланып жаткан 527 бейтаптын ичинен 127синин абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 70 адамдан аныкталып, 102 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 84 832ге жетти.
Айыккандар:
Ал эми айыккандардын саны бүгүнкү күнгө карата 81 334тү түзөт.
Радио
Жумалиева: кызыл зонадан чыкканда өтүгүбүздөн 4-5 литр тер төкчүбүз
Тилекке каршы, кечээтен бери коронавирус үч адамдын өмүрүн алган. Үчөө тең Бишкек шаарында каза болгон. Коронавирустун курмандыгы болгондордун жалпы саны 1 418ге жетти.
Стационарда дарыланып жаткан 527 бейтаптын ичинен 127 бейтаптын абалы оор болсо, 32 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.
Бир сутка ичинде бир медиктен коронавирус табылып, ал ооруну кызыл зонадан жуктурганы аныкталган.