ДССУ эксперти: коронавирус Ухандагы базарда пайда болгон дегенге негиз жок

Ушул тапта Кытайда ДССУ эксперттеринин эл аралык тобу COVID-19 инфекциясынын келип чыгышын ар тараптан иликтеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктарын саткан базарда COVID-19дун жайылышына бардык шарттар жаралган, бирок бул вирус ошол жерде пайда болгон дегенди билдирбейт. Бул тууралуу РИА Новостиге ДССУнун Россиядагы тобунун эксперти Владимир Дедков билдирген.
ДССУ коронавирус пандемиясынын парадоксу жөнүндө айтты
"Биз ал базарда болдук. Ал жактан вирус чыкты деп айтууга эч бир жүйөө жок, балким, башка жерден пайда болуп, анан базарда жайылгандыр. Эл соода кылган жайдан тараган деп айтууга шарттар бар. Себеби базар өзү кичинекей, кирип-чыгууга дагы тар экен. Албетте, санитардык тартип сактабаган жерден бардык оорулар жугат. Базардын азыр кебетеси кеткен, учурда жабык турат, түрттүрөбүз деп жатышат", — деген Дедков.
Учурда Кытайда ДССУ эксперттеринин эл аралык тобу COVID-19дун келип чыгышын иликтеп жатат. Адистер 14-январда Кытайдын Ухань шаарына келишкен, милдеттүү түрдө 14 күндүк карантинде болушкан. 29-январдан тарта гана өз иштерин башташкан.