Президент Марипов башында турган өкмөт мүчөлөрүн дайындады

Буга чейин премьер-министрдин милдетин убактылуу Артем Новиков аркалап келген. Ал эми Марипов 2016-жылдан берин Эсеп палатасынын төрагасы болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Улукбек Марипов Кыргызстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле өкмөттүн курамы толугу менен бекитилди. Улукбек Марипов башында турган өкмөттүн 16 мүчөсү болот.
Буга чейин жаңы өкмөттүн түзүмүн Жогорку Кеңештин депутаттары жактырган.