Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына келди

Мыйзам боюнча кызматка дайындалган премьер-министр жана министрлер парламенттин трибунасынан ант берет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынына келди.
Мамлекет башчы жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрүнүн антын кабыл алат.
Марипов: кызматтан кетип жаткан Токтогазиевдин тажрыйбасын колдонобуз
Мыйзам боюнча кызматка дайындалган премьер-министр жана министрлер парламенттин трибунасынан ант берет. Аны депутаттар жана президент кабыл алат. Жаңыдан бекитилген өкмөт ант бергенден кийин гана расмий түрдө кызматка киришет. 
Улукбек Марипов башында турган өкмөт бүгүн эле Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо тапкан. Андан бир нече мүнөт өткөндөн кийин министрлер кабинетин дайындоо тууралуу президенттин жарлыгы чыкты.