Жээнчороев: президенттердин башын жуткан кошоматчыларды люстрациялаш керек. Видео

Люстрацияны эң биринчи өкмөт менен президенттердин башын жуткан кошоматчылардан башташ керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев билдирди.
Sputnik
Бүгүн парламенттин жыйынында эл өкүлү Калдарбек Баймуратовдун сунушу менен өкмөттүн жаңы курамына суроо берүүгө чек коюлган. Бул кээ бир депутаттардын нааразычылыгын жаратты.
Марипов бийликке кимди алып келе жатат. Өкмөттөгү өзгөрүүлөр
Өкмөттүн курамын кароо үчүн парламенттин жыйыны бүгүн саат 10:20да башталып, түштөн кийин саат 16:45те жыйынтыкталды. Бул аралыкта сунушталган министрлер кабинетине 50гө жакын депутат суроо берүүгө жетишти.