Трайбализм болбойт! Митингчи аялдар Новиковдон премьер болууну суранган видео

Парламент өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат. Новиков өкмөттүн жаңы курамында биринчи вице-премьер болушу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин алдындагы митингде үч аял парламентке кирип бара жаткан премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковду тосуп алып, кызматында калууну өтүнүштү. Бул тууралуу Kaktus.media жазды.
Эске салсак, бүгүн парламент өкмөт башчылыкка Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Мариповдун талапкерлигин карап жатат. Новиков өкмөттүн жаңы курамында биринчи вице-премьердин кызматында болушу күтүлүүдө.
Новиковдун астынан чыккан аялдардын бири Мариповду жактырбай турганын, эл аны кызматтан алып түшүүгө кудурети жетерин айткан. Анын билдиришинче, революция болгондо Новиков өкмөт башчынын милдетин татыктуу аткарды.
"Марипов сизге окшош чыныгы жигит болсо талапкерлигин алсын. Аны биз бийликтен көргүбүз келген жок. Сиз бар да түндүк, түштүк деп бөлүнбөйбүз", — деп сүйлөгөн аял журналисттер тарткан видеодо.
Ал Новиковду социалдык тармакта да колдогондор көп экенин айткан.
Новиков өкмөттө иштөөнү улантарын жана Мариповго мүмкүнчүлүк берүү керектигин билдирген.
Бүгүн Жогорку Кеңештин алдында Улукбек Мариповдун премьер-министрликке дайындалышына каршы митинг болуп өттү.