Ысык-Көлдө аялды уулу менен өлтүргөн адамга издөө жарыяланды

Учурда кылмышка шектүү адамды кармоо боюнча ыкчам аракеттер көрүлүп жатканы жана экспертиза дайындалганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эки адамдын өлүмүнө шектелген адамга издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.
Акча үчүн улгайган аял менен кишини өлтүргөн. Милиция шектүүнү кармады
Окуя болгон жерге барган тергөө-ыкчам тобу айтылган даректеги үйдөн киши колдуу болгон эне-баланын сөөгүн табышкан. Кылмышка шектүү жаран качып кеткен.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
"Алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда кылмышка шектүүнүн ким экени аныкталып, издөөгө алынды", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери тарабынан экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү жаранды кармоо боюнча тиешелүү аракеттер көрүлүп жатканы кабарланды.