Сооронбай Жээнбеков жубайы менен Кыргызстандан чыгып кетти

Толгонай Стамалиеванын айтымында, экс-президент умрага Мекке шаарына барат. Жубайы экөө бүгүн эртең менен учуп кетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кетти. Кабарды анын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.
Билдирүүгө караганда, ал "Манас" аэропорту аркылуу Түркиянын Стамбул шаарына учуп кеткен.
"Экс-президент андан ары Жидда шаарына (Сауд Аравиясы) кичи ажылыкка барат. Жубайы экөө бүгүн эртең менен учуп кетишти", — деди Стамалиева.
Белгилей кетсек, бул сапарга чыгууну экс-президент Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын ноябрында пландаган.
Пандемиядан улам зыяратчыларга кирүү чектелген жана бул сапардын процедурасына ылайык, расмий макулдук алуу зарыл.
Сотко барууга милдеттүү эмес. Жээнбековдун адвокаты билдирүү таратты
Макулдук 2021-жылдын февраль айынын башына карата келип түштү.
Маалымат катчы кичи ажылык зыяраты 10 күндөн ашуун уланып, андан соң  Жээнбеков Бишкекке кайтып келерин кошумчалады.
Маалыматка караганда, Жээнбеков ал жакка Сауд Аравия тараптын макулдугу менен кеткен. 
Маалымат катчы Сооронбай Жээнбековдун фонду Сауд Аравиясы Королдугунун Кыргыз Республикасындагы Элчилигине пандемия шартында сапардын процедураларын макулдашып бергендиги үчүн ыраазычылык билдирерин айтты.