Банкка салынган акчаны кантип көбөйтсө болот? Кыргызстандагы депозит тууралуу

Аманаттарды кайсы валютада кармаган оң? Пайыздык чени төмөндөгөндө эмне кылуу зарыл? Банкты кантип туура тандоо керек? Бул боюнча кызыктырган бардык суроолорго жоопту Sputnik Кыргызстандын материалынан табасыздар.
Sputnik
Топтогон тыйынды сактоонун дүйнөдөгү салттуу түрү банкка аманатка салуу болуп саналат. Бул ыкма Кыргызстанда да кеңири тараган. Sputnik Кыргызстан редакциясы бул багытта кеңештерди даярдап, ошону менен бирге эле каражат сактоого байланышкан жагдайларды тизмектеп чыкты.

Аманат деген эмне?

Аманат же салым — сактоо жана пайыз түрүндө киреше алуу максатында банкка акча салуу. Банк өз кезегинде бул акчалардан насыя берет, пайыздуу аманат жана карыздардан алынган кирешелердин айырмасынан пайда көрөт. Башкача айтканда, банк сиздин акчаңызды пайдаланып, бул үчүн сизге сый акы төлөйт.
Аманаттардын бир нече түрү бар:
Мөөнөтсүз, башкача айтканда, бул — иш жүзүндө эсептеги каражат. Кемчилиги: пайыз кошулбайт, кошулса да абдан аз. Артыкчылыгы: акчаңызды каалаган убакта ала аласыз;
Ипотеканы мөөнөтүнөн эрте кайтаруу: артыкчылыгы, кыйынчылыгы жана кеңештер
Мөөнөттүү: белгилүү бир убакытка түзүлгөн келишим. Мында кырдаал тескерисинче. Артыкчылыгы: пайызы алда канча жогору. Кемчилиги: каражатыңызды алуу үчүн келишимди бузууга туура келет, ал эми бул процесс бир аз убакыт алат. Кардар андай шартта бардык же пайыздын көбүрөөк бөлүгүнөн кол жууйт;
Кээ бир банктарда аралаш вариант да бар: бир бөлүгүн ала аласыз, бирок пайызы мөөнөттүү салымга караганда азыраак. Өз кезегинде мөөнөттүү аманаттардын эки: топтолуучу, башкача айтканда, улам толуктоо мүмкүнчүлүгү да бар, ансыз да түрү бар. Ошондой эле пенсионерлер үчүн жана балдар аманаттары да каралган. Өз шарттарына жана максаттарына жараша жарандар кайсы вариант ыңгайлуу жана пайдалуу экенин өздөрү тандайт.
Аманат же салым — сактоо жана пайыз түрүндө киреше алуу максатында банкка акча салуу

Жогорку пайыз дайым эле пайдалуу эмес

Банктын шарттары менен таанышууда капитализация бар-жогун да билип алуу абзел. Эгер болбосо, анда пайыздар сиз салган каражатка гана чегерилет. Капитализацияда пайыздар сизге чегерилгендерине да кошулат. Финансисттер муну "татаал пайыз" деп да коюшат. Банк аманатында бул кызмат камтылса, төмөн үстөк да пайдалуу болушу мүмкүн. Мисалга эки жылга аманатка салынган 100 миң сомду алалы.

Бир эмес, бир нече аманат ачкан оң

Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп

Интернеттин россиялык ресурстарында бөтөнчө, ошону менен бирге эле кызыктуу кеңеш таптык. Бардык сумманы бир салбастан, төрт жылдык аманатка бөлүп, улам үч ай өткөрүп ачуу да сунушталат. Бир күндө салгыңыз келсе, анда ар кандай мөөнөткө: 3, 5, 9 жана 12 айга ачыңыз. Мындай жол менен ар үч айда бир аманатыңыздын мөөнөтү аяктайт, эгер акчага зарылып турбасаңыз, аны узартып коёсуз.

Артыкчылыгы мындай:

Бөлүп салуунун дагы бир себеби бар: тегин жерден "тапканыңдын баарын бир кутуга койбо" деп айтышпайт. Бул аманатка да тиешелүү. Кыргызстанда мамлекет 200 миң сомдук банк салымдарына кепилдик берет. Былтыр Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов дал ушул себептен айрым кыргызстандыктар каражаттарын 200 миң сомдон ар кайсы банктарга бөлүп саларын белгилеген.
Ушул тапта өлкөдөгү бардык 23 банк тең аманаттарды коргоо тутумуна киргизилген. Антсе да бул маалыматты профилдик агенттиктин сайтынан текшерип койгонуңуз ашыкча болбос.
Адистер адатта салымды ар кыл валютада кармоого кеңеш берет. Каражаттын баарын бир түрдө сактоо кооптуу, күйүп кетиши мүмкүн.

Акчаны кайсы валютада кармаган жакшы?

Адегенде эң жогорку пайыздык чендер — сом түрүндө (12,75 пайызга чейин), орточо — доллар менен (5 пайызга), ал эми эң төмөнү — евро түрүндө (үч пайызга чейин) экенин эске салалы. Булар максималдык чендер, негизинен алар ардагерлер, пенсионер, балдар үчүн жана узак мөөнөткө багытталган. Калган категориялар үчүн пайыздык чен төмөн. Ошондой эле башка валюталарда да аманат ачууга болот.
Эң кеңири тараган салымдардын артыкчылыгын жана кемчиликтерин талдап көрөлү:
Сом менен — чен бийик, башкача айтканда, бир аз акча таап алууга болот. Бирок абал туруктуу гана кезде экенин айта кетели! Каатчылыкта чыгым тартып калуу да ыктымал. Мисалы, 2019-жылдын декабрынан 2020-жылдын декабрына чейинки аралыкта инфляция 9,7 пайызды түзгөн. Жакшы жагдайда кирешеңиз инфляциянын кесепетин жоёт;
Доллар түрүндө — пайыздык чен төмөн, бирок каатчылык өкүм сүрүп турганда абдан пайдалуу. Мисалга, былтыр жыл башында доллар 70 сомдон арзан эле, андан соң бир нече ирет 85 сомдук чекке дейре жетип турду. Ошондуктан адистер адатта салымды ар кыл валютада кармоого кеңеш берет. Өлкөнүн башкы банкири топтогон тыйынды үчкө бөлүп, экөөнү сом жана доллар, ал эми үчүнчү бөлүгүн алтын куйма түрүндө салууга кеңеш берген. Каражаттын баарын бир түрдө сактоо кооптуу, күйүп кетиши мүмкүн.
"Өз "портфелиңизди" дайым диверсификациялооңуз зарыл. Сом, доллар же алтын түрүндө гана кармоо — туура эмес жол", — деп түшүндүргөн Абдыгулов.
Банк

Банктын ынанымдуулугун баалоо

Жарандарга каржы-насыялык мекемелердин кайсынысына кайрылуу керектигин аныктоо татаал. Айрыкча аманатка салууда бул орчундуу маселеге айланат. Ошол себептен КР Улуттук банкынын адистери атайын сунуштарын берет:
Акыркы пункт боюнча төмөнкү эки учурду карап чыгуу абзел:

Ченди бекемдеп алуу

Кыргызстанда криптовалюта алмаштыруу жайын ачуу сунушталууда

Чендин өлчөмү өзгөрөрүн жана көбүнесе төмөндөрүн эске алуу менен интернетте кызык бир кеңеш жүрөт. Эгер кызыктуу сунушка бет келип калсаңыз, узак мөөнөткө минималдык салым салууга болот. Бирок сөзсүз түрдө толуктоо мүмкүнчүлүгүнө караңыз. Мындай учурда, эгер чен андан ары да төмөндөй берсе, бош каражаттарды дал пайдалуу вариантка багыттоого болот. Бир жолдош балам ушундай кадам жасаптыр. Айтымында, азыр доллар боюнча чен төмөндөтүлүп жатат, ошентсе да жакшы пайыз менен эки кичинекей салымды банкка салууга үлгүргөн.

Корутунду

Эгер кыскача жыйынтыктай турган болсок, төмөнкү кеңештерди берүүгө болот:
Бул кеңештер, албетте, 100 пайыздык кепилдик бербейт, бирок жоготуу жана киреше ала албай калуу тобокелдигин азайтууга жол ачат.