Алдамчылыкка шектелген Жумалиевдин жакын туугандары үй камагына чыкты

Депутаттын туугандары германиялык инвестордун 800 миң долларын төлөбөй койгон деп 29-январда кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин алдамчылыкка шектелип кармалган жакын туугандары 29-мартка чейин үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, шектүүлөрдү үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы 31-январда тандалган.
Кубанычбек Жумалиевге козголгон ишти жабам деп акча сураган жаран кармалды
Кубанычбек Жумалиевдин жакындары соттун чечими менен үй камагына чыгарылганын буга чейин Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазган.
Белгилей кестек, Жумалиевдин жакын туугандарынын үстүнөн германиялык инвестордон алдамчылык фактысы боюнча арыз түшкөн. Алар инвестордон 1 миллион долларлык жабдууну алып, 200 миң долларын берип, калганын бербей койгону айтылган.