Сүйүн Өмүрзаковдун прокурор иниси 20 млн. сом төлөп үй камагына чыкты

Улукбек Өмүрзаков тергөө менен кызматташканы жана мамлекетке келтирилген зыянды төлөгөндүгү үчүн үй камагына чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Көмүр кенин басып алууга шектелип кармалган Ош облустук прокуратурасынын прокурору Улукбек Өмүрзаков үй камагына чыкты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүдө айтылгандай, тиешелүү чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Өмүрзаков жана аны менен бирге кармалгандар "Жолчырак" көмүр кенинде мыйзамсыз көмүр казып келишкени аныкталган.
"30-январда тергөө менен кызматташкандыгы жана мамлекетке келтирилген 20 миллион сомдук чыгымды төлөп бергендиги үчүн Өмүрзаковго үй камагына алуу боюнча баш коргоо чарасы тандалды", — деп жазылат маалыматта.
Прокурор өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арыз жазганы дагы айтылды.
Белгилей кетсек, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковдун бир тууган иниси Улукбек Өмүрзаков өткөн жылдын ноябрь айында кармалган.