БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Бүгүн Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы өкмөт башчылыкка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдоду.
Парламентарийлер ага өкмөттүн курамы, андан сырткары социалдык жана экономикалык жааттагы бир топ суроолорду узатты.
Жыйынтыгында ЖКнын депутаттары Мариповдун талапкерлигин көпчүлүк добуш менен колдоду.
Анын талапкерлигин "Республика – Ата-Журт" фракциясы сунуштаган.
Коалиция эми Мариповдун талапкерлигин тиешелүү комитеттин кароосуна алып чыгат. Аны Жогорку Кеңештин палатасы жактырышы керек. Депутаттык корпустун колдоосунан кийин президент кызматка дайындоо боюнча Жарлыгын чыгарат.
Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматын тапшыргандан кийин өкмөт толугу менен отставкага кеткен. Жаңы өкмөттү Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы курайт.