Агенттиктер кошулат. Айыл чарба министрлигинин түзүмү өзгөртүлөт

Өкмөт башчылыкка талапкер айыл чарба министри алмашып же ордунда калары тууралуу бүгүн кечинде маалым болорун айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмү өзгөртүлөт. Бул тууралуу премьер-министрликке талапкер Улукбек Марипов билдирди.
Анын айтымында, министрликтин жаңы аталышы "Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлиги" деп аталат. Курамына Токой чарба агенттиги менен Суу ресурстары агенттиги киргизилет.
Депутат Бактыбек Райымкулов "айыл чарба министри алмашабы?" деп сураганда, бул туурасында бүгүн кечинде маалым болорун айтты.
"Айыл чарбасына менден да тажрыйбалуу киши келе жатат. Буюрса, бүгүн-эртең угасыздар", — деди Марипов.
Учурда аталган министрликти 30 жаштагы Тилек Токтогазиев жетектеп турат. Ал аталган кызматка келгенге чейин айыл чарба тармагында ишкердик кылып, Кыргызстанга күнөсканаларды да жайылтууга салымын кошкон.