БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Япониянын тартип сактоочулары 48 жаштагы Юми Йошино аттуу аялды мурда жашап кеткен үйүндөгү муздаткычтан кемпирдин сөөгү табылгандан кийин камакка алышкан. Бул туурасында ВВС маалымат агенттигине таянып Sputnik Беларусь жазды.
Кармалгандан кийин Юми Йошино энесинин сөөгүн тапкандан кийин "тоңдуруп койгондугун" мойнуна алган. Анын айтымында, энеси Токиодо алар мурда жашаган үйдөн чыккысы келбей жүргөн.
Кемпирдин эмнеден каза болгондугун тактоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Кыязы, анын жаракаттарын эч ким тактап, аныктаган эмес. Полиция "сөөк муздаткычка батырыш үчүн бүктөлгөндүгүн" айтты.
Эбак эле муз болуп катып калган кемпирдин сөөгүн бош калган үйдү тазалаш үчүн келген аял таап алган. Аталган жайда жашаган Юми Йошинону акча төлөбөй койгону үчүн мажбурлап чыгарышкан. Маркумдун кызын полиция жума күнү Токиодон анча алыс эмес жайгашкан Тиба шаарындагы мейманканадан кармашкан.