БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, 1-февралдан тарта айрым жерлерде жаан жаап, карга айланышы ыктымал. Жума ичи абанын температурасы жогорулайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 5-10 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
Чүй, Талас облустарында жекшембиде күн ачык болуп, шейшемби, шаршемби күндөрү айрым жерлерде жаан жаайт. Апта аяктап бара жатканда кайрадан күн ачылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
Өлкөнүн түштүк аймактарында дагы 1-2-февралда жаан жаап, 3-февралдан тарта ачылып кетет. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Бул аймактарда дагы дүйшөмбүдө күн ачык болуп, 1-2февралда жаан жаайт. 3-февралда күндүз жана 4-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.
Бишкек
Борбор калаада аптанын алгачкы күнүндө жаан жаабайт. Бирок жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.
2-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы божомолдонууда. 3-4-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.