Тогуз ай калп айткан. Жигитинен ажырап калуудан корккон британиялык кыздын кылыгы

Иш сотко жеткенде аял алдамчылык кылган күнөөсүн мойнуна алганы айтылат, азырынча ага карата өкүм чыга элек.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Улуу Британияда сүйгөн жигитин колдон чыгарып жиберүүдөн корккон кыз кош бойлуумун деп аны тогуз ай бою алдап жүргөн. Бул туурасында The Daily Mirror жазды.
Ал боюнда бар кылып көрсөткөн жасалма курсак тагынып жүргөндүктөн жигити эле эмес, үй-бүлөсү да ишенген. Кыз болочок кайненесине УЗИге тартылган жасалма сүрөттү жиберип, төрөтүнүн болжолдуу күнүн талкуулап, жадагалса төрөлө турган баласына ысым тандашкан.
Аялым мурдагы жигитин күтүп төрөбөй жүрүптүр. Ызаланган эркектин каты
Кийинчерээк болочок кайындары ал өзүн башкача алып жүргөнүнөн улам шекший башташкан. Алгач жигитинин дарыгерге кошо барышына каршы болгон, кийинчерээк ага бала тарбиялоого уруксат бербей турганын билдирген. Деген менен кайненесине небересин тарбиялоого аралашууга макул болгон. Акыр аягында ал түйүлдүк жигитинин агасынан деп да жиберген.
Ошентип бул иш сотко чейин жеткен. Аял алдамчылык кылган күнөөсүн мойнуна алганы айтылат, азырынча өкүм чыга элек.