Былтыркыдан көп балбан катышты. Эркин күрөш боюнча КР чемпионаты аяктады

Быйыл мелдешке жалпысынан 315 спортчу катышкан. Жеңил салмактын ар биринде кеминде 40тан балбан күч сынашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча 2021-жылдагы өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдештин башкы катчысы Муктар Дуконалиев билдирди.
Анын айтымында, бул жылы өлкө биринчилигине катышкандардын саны былтыркыдан көп болду.
"Быйыл 10 салмакта жалпысынан 315 спортчу ат салышты. Анын ичинен 57, 61, 65 жана 74 килограмм салмакта күч сынашкандар көп болду. Ар биринде кеминде 40тай балбан атаандашты", — деген Дуконалиев.
Ал, ошондой эле, быйылкы жылы топ жарган сенсация болбогонун, тажрыйбалуу балбандар мыктылыгын көрсөткөнүн кошумчалады.
Турнир Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өтүп, эң оор салмактагы балбандардын кармашы менен жыйынтыкталган.  Анын экинчи күнүндө 61, 70, 79, 92 жана 125 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышып, жыйынтыгы төмөнкүчө болду:
61 килограмм:
70 килограмм:
79 килограмм:
92 килограмм:
125 килограмм:
Белгилей кетсек, чемпионаттын жыйынтыгы менен эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы куралат.