Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган. Он жашында молдодон сабак алып, 1914-жылы Караколдогу орус-тузем мектебинде билим алып, 1916-жылы жакындары менен Кытайга качкан. Ал жактан уйгур, татар тилин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөй баштаган.
20га чыкканда Кыргызстанга келип айылдык кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштеп, 1923-жылы Ташкенттеги Казак-кыргыз агартуу институтуна окуганы кетип, ал жактан казак тилин өздөштүргөн.
Андан соң "Эркин Тоо" гезитинин чыгаруу тобуна кирип, макалалардын орфографиясын текшерип, кабарчысы дагы болгон.
Белгилүү тилчи Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиев менен бирге иштешип, 1926-жылы Баку шаарында уюштурулган түркологдордун биринчи съездине катышкан. Кийин Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна тапшырып бурят, монгол, араб, фарси, немис тилдерин үйрөнгөн.
Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси 30 жашында Кыргыз маданий курулуш илим-изилдөө институтунда улук илимий кызматкер болуп, Жалал-Абад педагогикалык техникумунда иштеген.
Биринчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери эмгек жолунда 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макалаларды жазган. Анын 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Камус наама" аттуу китептери эл арасында "Карасай сөздүк" деп аталып келет. Мисалы, "Камус наамага" араб, фарси, монгол, калмак, кытай, дунган, уйгур, орус тилдеринен кыргыз тилине кошулган 5000ден ашык сөздүн, терминдин, жер-суу жана адам аттарын, макал-лакаптарды чечмелегенин жазган. Ошондой эле Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн.
Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип 97 жашында көз жумуп, сөөгү Каракол шаарына коюлган. Азыр анын ысымын Бишкектеги бир көчө жана жогорку окуу жайы алып жүрөт.
***
Ынтымак кеткен кезде өз улутуң өз улутуңдун колу менен жоголот. Бул дайым эсиңерде болсун!
***
Ар бир тарыхый иш, маданий башталыш өзүнөн өзү эле боло калбайт. Анын баштоочулары, демилгечилери, биринчи чыйыр салган адамдары болот.
***
Жаштар — коомдун барометри. Жаштар канчалык ыймандуу, адептүү, тартиптүү, ишкер болсо, коом ошончолук бейпил болот. Жаштар жөнүндө кыргыз эли толгон-токой макалдарды чыгарган. Чыгарган эмес, турмуштан туулган. "Уулуң өсүп атса, уяттуу менен кошуна бол" деп, уулу өсүп жаткан адамдар менен жанашкан. Уулун тарбиялоо атанын мойнунда болгон. Келечегин ойлогон адамдар баласын эркелетип оюна койбостон, мал артына салган. "Атанын ардактаганы эрке уул" адатта акма кулак, тентек чыгат деп осуят кылган. Кой да, жылкы да, уй да, төө да кайтарткан. Айылда молдо болсо, окууга берген. Баланы эстүү аталар ыгы жок эркелетип баккан эмес, эмгекчил кылган.
***
"Кедейлик — кемтик эмес" деген макалды ким чыгарды. Сөзсүз кедейлик — кемтик. Жалкоолуктан кабыргасын кашып жаткандар кедей болот. Кедейдин кара алачыгы болгон. Кедей чирип аткан койдун терисин ийлеп жиберип, кооз тон тиктире албайбы?!
***
"Адам ит жандуу" деген чын экен. Ошончолук кордук көрүп, ишсиз калып, тыйынсыз отуруп калсам да өлүп калганым жок. Кайта чыйралып, эр көңүлдү үмүт алга сүйрөп, жүрө бердим.
***
"Ала койду бөлө кырккан — жүнгө жарыбайт" дегендей, алакандай кыргызды жикке бөлгөн акимдер да, тегеле аң-сезимдүү азаматтар да, карыя адамдар да жакшы кишилер эмес. Кийинки тукумга айтарым ушул.
***
Караңгы элге каапыр да молдо боло алат.
***
Адамдын жашына карата элдин берген сыпаты
Он беш жаш — жарда ойногон улак,
25 жаш — оргуп турган булак.
35 жаш — минилбеген кур ат (адамдын тентек кези)
45 жаш — жыбылжып аккан булак (үйлүү болуп, тизгинин тартып калат)
55 жаш — аша турган бел (адам өзүнө эсеп бериши керек. Өмүрдүн жиби кала бердиби же жыйнакталдыбы)
65 жаш — жайлоодон кайта көчкөн эл (кыш келет, кабак түшүп калат)
75 жаш — жемирилген көр (ден соолук кете баштайт, көз начарлайт)
85 жаш — ооздогу куру жел (санда жок, үйдө отуруп калат)
95 жаш — томпойгон көр.
***
Адам — айланага карап өсөт экен, ошого жараша акыл-эс өнүгө турган көрүнөт. "Көргөн көргөнүн кылат, көсөө түрткөнүн кылат" деген элдин акылман макалы — миңдеген тажрыйбадан сыналып отуруп туулат экен. Макал — коом пикиринин уюткусу экенин макалдатып сүйлөгөн чечендердин сөзүнөн байкадым. Адам көрө-көрө көсөм болот, сүйлөй-сүйлөй чечен болот экен. Чечен, көсөм боло албасам да көп иштин көзүн таптым, көп сөздүн маанисин түшүндүм.
***
Адамды окутуу өзүң окугандан алда канчалык мыкты экенин кийин түшүндүм. Улам алып келген китептерди окуй берип, өзүм дагы жетилдим.
***
Атам Карасай ыраматылык 70тен өткөндө турмуштун запкысында жүрүп, ич оорудан кайтпас сапарга кетти. Кемпир энем 15 жаштагы уулу, кичинекей небереси менен караманча талаада калды. Кыргыз элинин ырайымдуулугу, анын тууганга кайрымдуулугу — канына сиңген салтынын бири эмеспи. Кыйыр тууганыбыз Курман деген адам энеме жыгач үйүн бошотуп берип, өзү боз үйдө, өрдөштө малы менен оокат кылып жүрдү.
***
Кыз балдар — коомубузда эң сүйкүмдүү топ. Булар кыргыз турмушунда өзгөчө мааниге ээ болгон. Ар бир ата-эне кызды бапестеп тарбиялаган. Эркек балдары куур шым кийип жүргөндө кызга кундуз тебетей кийгизген. Аны "көчтүн көркү көгүчкөнүм" деп абдан ардактаган.
***
Шыктуу адамдарыңарды ардактагыла, шык, талант деген учкун. Ал кишинин баарында эле боло бербейт. Чанда адамга гана бүтөт. Ошол учкун жакшы шартта болсо, алоолонуп жалбырттайт. Жаман шартта болсо, өчүп калат. Далай шыктуу адамдарыбыз жаман шартта болгондуктан өчүп калды.