Кыргызстан Бишкекте "ЕБ — БА" форумунун штаб-квартирасын ачууну сунуштады

Форум 2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жана европалык институттардын жетекчилери катышат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Кыргызстан "Европа биримдиги — Борбордук Азия" экономикалык форумунун ("ЕБ — БА") жыйынтыктоочу резолюциясында аталган форумдун штаб-квартирасы Бишкекте орун алган катчылыгы ачылат деп ишеним артууда. Бул тууралуу вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен жолукканда айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, форум 2021-жылдын июль айында Бишкек шаарында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн премьер-министрлери жана европалык институттардын жетекчилери катышат. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттери менен ЕБдин бизнес өкүлдөрү келери күтүлүп жатат.
Вице-премьердин милдетин аткаруучу Равшанбек Сабиров (оң жакта)
"Кыргыз тарап "Европа биримдиги — Борбордук Азия" экономикалык форумунун жыйынтыктоочу резолюциясында аталган форумдун штаб-квартирасы Бишкекте ачылат деп ишеним артууда. Катчылык Борбор Азия менен ЕБдин ар кайсы шаарларында жыл сайын өтчү форумдарды уюштуруу менен алектенет. Бул сунушубуз өнөктөш өлкөлөрдөн колдоо табат деп ишенебиз", — деди Сабиров.
Ошондой эле вице-премьер Кыргызстанда форумду уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлгөнүн билдирди.
Буриан өз кезегинде Европа биримдиги менен Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары окшош экенине токтолду.
Европа биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан
"Жашыл экономика" жана санариптештирүү жаатында багыттарыбыз бир экен. Келечекте мен укук үстөмдүүлүгү, адам ресурстары, билим берүү, тарбия, гендердик теңчиликти өнүктүрүү боюнча адистерди даярдоо жаатында иштешүүнү сунуш кылам", — деди Буриан.
Мындан тышкары, ал форум регионалдык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча диалог куруунун эң жакшы аянтчасы болуп каларын кошумчалады.