Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү жерге берилди

Рамис Рыскулов кыргыз совет поэзиясын ак ыры менен жаңырткан. Ак ыр — саптары бири-бирине уйкашпаган ыр формасы.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Керимбек Кадыракунов билдирди.
1 / 3
Эл акыны Рамис Рыскуловдун сөөгү жерге берилди
2 / 3
Эл акыны 27-январь күнү каза тапкан
3 / 3
Жакын санаалаштары билдиргендей, ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Анын айтымында, акындын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.
Эл акыны 27-январь күнү каза тапкан. Жакын санаалаштары билдиргендей, ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Турмуш дудукту да кол жаңсатып сүйлөтөт! Рамис Рыскуловдун нускасы
Рамис Рыскулов 1934-жылы 9-сентябрда Чүй облусуна караштуу Москва районунун Кызыл-Туу айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе педагогикалык окуу жайын бүтүрүп, Москвадагы Борбордук комитетке караштуу комсомол мектебине тапшырган.
Ал жакта эки жыл окуган соң Максим Горький атындагы бүткүл союздук адабият институтуна өткөн.
Эмгек жолун "Кыргызстан пионери" гезитинин редакциясында адабий кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Кийин "Ленинчил жаш" гезитинин редакциясында, 1959-1960-жылдары "Ала-Too" журналында эмгектенген.
Биринчи ырлар жыйнагы "Жаз" деп аталат. Ал 1959-жылы жарык көргөн. Рамис Рыскулов кыргыз совет поэзиясын ак ыры менен жаңырткан. Ак ыр — саптары бири-бирине уйкашпаган ыр формасы.