Кыргызстан жана Казакстан соода-алакада теңгени көбүрөөк пайдалана баштады

Башкы экономисттин айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасын тейлөөдө улуттук валюталардын үлүшү өсүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Акыркы жылдары Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы соода-алакада теңгенин үлүшү 19 пайызга чейин өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынын жана Евразиялык стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун башкы экономисти Евгений Винокуров билдирди.
Адис мындай тыянакты "Эл аралык эсептешүүлөрдө ЕАЭБдин улуттук валюталарынын ролун жогорулатуу" аналитикалык отчётунун бет ачарында сүйлөп жатып айтты.
"Аймактагы соода-сатыкта Казакстандын теңгеси жакшы колдонулат. Акыркы жылдары казак акчасынын үлүшү Кыргызстан менен алып-сатуу алакада 19 пайызга чейин өскөн, ал эми Россия менен эки пайыздан беш пайызга чыккан. Аймактык сооданы тейлөөдө теңгенин ролунун мындан аркы өсүү потенциалы, айрыкча Өзбекстан менен соода жүгүртүүнүн өсүшү менен байкалууда", — деген экономист.
Ал белгилегендей, акыркы жети жылда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара соодасын тейлөөдө улуттук валюталардын үлүшү 63 пайыздан 73 пайызга чейин өскөн.
Радио
Сагынбаев: Таласта ЕАЭБ аймагына эт экспорттогон ишкана ачылат
"Ири тышкы соода өнөктөштөр менен алака жүргүзүү өсүүнүн экинчи белгиси болуп саналат. Алардын ичинен Түркия менен Индия өзгөчөлөнүп турат. Түркия менен алакада ар бир үчүнчү соода ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук валютасында тейленет. Ал эми Индия менен мамиледе ар бир бешинчи соода Россиянын рубли менен ишке ашырылат. Бул жерде дагы өсүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Себеби, биринчиден, бул өлкөлөр менен соода максималдуу түрдө ар тараптуу жүргүзүлөт жана алардагы отун-энергетикалык ташуучулардын үлүшү анчалык деле чоң эмес. Диверсификация пайда болгон жерде, соода-алаканы жүргүзүүдө улуттук валюталар пайдаланыла баштайт", — деп белгилейт Винокуров.
Евразия өнүктүрүү банкы уюмдун курамына кирген Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын интеграцияланышына жана өнүгүүсүнө көмөктөшкөн эл аралык каржы уюму болуп саналат. Анын уставдык капиталы жети миллиард долларды түзөт. Банк 2006-жылдын январында Алматыдагы штаб-квартирасы менен биргеликте Россия жана Казакстан тарабынан негизделген.