"Аэрофлот" Кыргызстан жана дагы 86 өлкөгө бир айга чейин каттамын токтотот

Буга чейин кайсы бир рейске билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы эрежеге ылайык автоматтык түрдө кайтарыла турганы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. "Аэрофлот" бир айга чейин эл аралык каттамдарын токтотот. Тизмеде Бишкек менен Ош да бар экенин авиакомпания өзү кабарлады.
Компания Кыргызстан менен алакасын 28-марттан  30-апрелге чейин токтотмокчу. Мындан тышкары, 86 ири шаарга да каттабай турган болду. Каттамдардын токтотулушу коронавирустук инфекциянын жайылышы менен байланыштуу экени айтылды.
"Буга чейин аталган рейстер боюнча авиакомпаниянын сайтынан же контакт-борбордон билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы автоматтык түрдө кайтарылат. Ал эми билеттерди "Аэрофлоттун" сатуу кеңселеринен алгандар ошол жактарга кайрылышы керек", — деп айтылат маалыматта.
Брондоо боюнча бардык маалыматтарды "Аэрофлоттун" "Управление бронированием" бөлүмүнөн текшерип алууга болот.