Лыжа, сноуборд тебүүдө эмнени эске алуу керек? Пайдалуу кеңештер

Туризм департаменти муз тебердин алдында шаймандарды текшерип, лыжаны жаңы үйрөнүп жаткандарга инструктор менен иштөөнү сунуштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кышкы эс алуу учурунда тоодо лыжа, муз тебүүдө этият болууну эскертип, бир катар эрежелерди эске салды.
Билдирмеге караганда, лыжа жана сноуборд спорттун экстремалдык түрү болуп эсептелет. Мындан улам ар бир адамдын ага даярдыгы болушу шарт.
Лыжа жана сноуборд тебүүдөгү кеңештер:
Тоо боорунда муз тебүүдө жүрүм-турум эрежелери:
Туризм департаменти ата-энелерге балдар муз тээп жаткан жайды текшерип коюуга чакырат.
"Адегенде өзүңүз дөӊсөөдөн ылдый түшүп, байкап көрүңүз. Эгер балаӊыз буга чейин муз тебүүнү өздөштүрүп тээп жүрсө, анда ага көз салып туруңуз. Эң жакшысы чоңдордун бири өйдөдөн карап турса, ылдый жактан бирөө балдарды тосуп алып, жолду бошотуп турууга жардам бергени оң", — деп айтылат маалыматта.
Департамент татаал лыжа жолу жогорку кооптуулук жайы экенин эске салат.