Путин Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Эмне тууралуу кеп болду?

Путин жана Байден эл аралык эки тараптуу маселелерди талкуулап, коронавирус менен күрөшүү жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Россиянын башчысы Владимир Путин АКШнын жумушка жаңы кирише баштаган президенти Жозеф Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Кремлдин маалымат кызматына таянып, агенттик Путин кесиптешин алгач жумушунун башталышы менен куттуктагандыгын жазды.
Путин белгилегендей, Россия менен АКШнын ортосундагы мамилени жөнгө салуу эки мамлекеттин тең кызыкчылыктарына жооп бермек.
Россия менен АКШ лидерлери Стратегиялык чабуул жасалуучу курал боюнча келишимди (СНВ-3) узартууда дипломатиялык нота менен "алмашууга канааттанганы" кабарланды. 
Путин жана Байден эл аралык, эки тараптын маанилүү маселелерин талкуулап, коронавирус менен күрөшүү жана башка тармактарда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн да карап чыгышкан.
"Эл аралык темалардын ичинен АКШнын "Ачык асман" боюнча келишимден бир тараптуу чыгуу темасы козголгон. Ошондой эле Иран өзөктүк программасы, Украинадагы кырдаал жана БУУ Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн саммитин өткөрүү боюнча Россия тараптын демилгеси тууралуу сөз болгон", — деп айтылат Кремлдин маалыматында.
Президенттин маалымат кызматы сүйлөшүү ачык жана иштиктүү болгонун белгилеген.
Анатолий Антонов: Россияны ооздуктоо – АКШ саясатынын негизи
Өз кезегинде Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки журналисттерге өткөргөн брифингде Путин менен Байден дагы эмне тууралуу сүйлөшкөнүн айткан.
"Байден СНВ-3 келишимин беш жылга узартуу каалоосун талкуулоо үчүн бүгүн күндүн экинчи жарымында Путинге чалган. Мындан сырткары, ал Украинанын эгемендүүлүгүн колдой турганыбызды тастыктап, SolarWinds компаниясына жасалган киберчабуул, Алексей Навальныйдын ууланышы, 2020-жылдагы шайлоолорго аралашуу жана тынчтык митингине чыккандарга Россиянын коопсуздук күчтөрүнүн кайрылуусу боюнча маселелерди көтөрүп чыгуу үчүн Россия президентине байланышка чыккан", — деди ал.
Россия буга чейин жогоруда айтылган айыптоолордун баарын четке каккан.