Жалал-Абад: эки киши дарыкананы тоногон учур видеого түшүп калган
22:32, 26 Үчтүн айы 2021
Милициянын маалыматына караганда, дарыканага кирген кишилер кассадан 10,3 миң сом алып кетишкен. Ошондой эле сатуучунун сумкасынан 500 сом жана саатын алышкан.
Шектүү катары ошол эле шаардын 2000-жылы туулган эки жараны кармалды. Маалыматка караганда, алардын жанынан уурдалган нерселер табылып, эки айга камакка алынган.
Шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бары-жогу текшерилип жатат.