Модель Саадат Асылбекова Таиланддагы эл аралык сулуулук сынагына катышат. Сүрөт

Саадат кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Эл аралык таймашка биринчи ирет чыгып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 20 жаштагы модель Саадат Асылбекова Кыргызстандын атынан Таиландда өтө турчу Supermodel International — 2021 эл аралык сулуулук сынагына катышат. Бул тууралуу бьюти компаниянын Кыргызстандагы расмий өкүлчүлүгү билдирди.
Модель Саадат Асылбекова
"Кыргызстан сулуусу" улуттук сынагы дирекциясы Supermodel International эл аралык сынагынын расмий өкүлү. Салтка айлангандай эле эл аралык конкурска "Кыргызстан сулуусу" аталган бийкеч катышат. Бирок дирекциянын чечими менен улуттук сынак быйылкыга жылдырылган. Ал арада дирекция эл аралык жарышка катышууга кастинг өткөрүп, натыйжада Саадат Асылбекова жеңип чыкты.
Саадат — кесипкөй модель, боюнун узундугу 179 сантиметр. Борбор калаадагы моделдик агенттиктердин биринде иштейт. Ал алгачкы жолу 2016-жылы "Кыргызстан бикини сулуусу" сынагына катышып, жеңип алган.
Ал эми эл аралык сынактарда өзүн биринчи ирет сынап жатат.
Өткөн жылы аталган сынакка өлкө атынан Сайкал Токтогулова катышкан.
Supermodel Internatiоnal — он жылдан бери өтүп келген моделдер арасындагы кесипкөй сулуулук сынагы. Ага дүйнөнүн 50гө чукул өлкөсүнөн катышат.
Белгилей кетсек, ушундай эле сынакты Рыскүл Намазбекова дагы өткөрүп келет. Декабрда "Мисс Кыргызстан — 2020" финалы болуп, 20 жаштагы Лаззат Нуркожоева баш байгени алган.