Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кармалды

Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. УКМК Абылгазиевди баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага убактылуу кармоо жайына киргизгени айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.