БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин YouTube каналындагы Геленджиктеги хан сарай боюнча тасма менен 23-январдагы макулдашылбаган акциялар боюнча үн катты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Путин Россиядагы студенттердин күнүнө арналган онлайн-жолугушууда Алексей Навальный даярдаган "иликтөө" тууралуу суроого жооп берип жатып, бул тема көптөн бери апыртылып келе жатканын, ага азыр элдин башын айлантууга ыңгайлуу убакыт экенин билдирген.
РФ лидери убакыттын тардыгынан тасманы толук көрбөгөнүн, жардамчылары даярдап берген видео топтомдорго көз чаптырганын айткан.
"Бул суроого дароо эле жооп берейин. Меники деп көрсөтүлгөн мүлктөр мага дагы, туугандарыма дагы тиешеси жок жана болгон да эмес. Эч качан. Кагаз жүзүндө ыйгарылган нерселердин дагы далили жок. Ошол жактагы бассейнде түшкөн сүрөтүмдү чыгарышыптыр. Ал негизи 2016-жылы Енисейде тартылган, анан атайын монтаждап коюшкан. Башкачараак нерсени ойлоп тапканга акылдары жетпептир", — деген Путин.
Мындан тышкары, Россиянын президенти 23-январда ар кайсы шаарлардагы макулдашылбаган акцияларга токтолду. Анын айтымында, жарандар саясий ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө, өз пикирин билдиргенге жана аны жайылтууга укуктуу. Бирок бардыгы мыйзам чегинде болушу керек.
"Ошондой эле укук коргоо органдары да мыйзамдын чегинде иш алып барышы керек. Алар Россиянын элине жана мамлекетине кызмат кылууга милдеттүү. Ушундай жол менен алдыга жыла алабыз деп ишенем", — деди Путин.
23-январь, ишемби күнү Россиянын ар кайсы шаарларында Навальныйдын тарапташтарынын макулдашылбаган нааразычылык акциялары өттү. Мыйзамсыз аракеттерди токтотууда кеминде 39 коопсуздук кызматкери жаракат алды.
Полиция биринчи кезекте бетин толугу менен жашыргандарды колго түшүрдү. Кармалгандардын саны боюнча азырынча расмий маалымат жок.