Финпол авиабилеттин баасы негизсиз кымбаттаганын аныктап, териштире баштады

Финполдун кызматкерлери борбор калаадан Бишкек — Москва багыты боюнча 67 800 сомго авиабилет сатып алышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясы авиабилеттердин баасын негизсиз кымбаттаткан фактыларды аныктоо иштерин жүргүзүп баштады. Бул туурасында аталган органдын маалымат кызматы билдирди.
Кыргызстан Россияга авиабилетти арзандатып, рейстерди көбөйтүүгө аракет жасайт
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды. Азыркы тапта республика боюнча ушул сыяктуу фактыларды аныктоо иштери жүрүп жатканы белгиленет.