Кыргызстанда былтыр ымыркайлар аз төрөлдү. Статистика

2019-жылы республика боюнча 173 601 наристе жарык дүйнөгө келген. Ал эми каза тапкандар салыштырмалуу арбын катталган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2020-жылы төрөлгөн ымыркайлардын саны салыштырмалуу азайып, ал эми көз жумгандар көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 158 174 ымыркай төрөлгөн. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 15 427ге аз.
Ал эми өткөн жылы республикада 40 001 өлүм катталса, 2019-жылы 33 317 адам көз жумган. Каза тапкандар салыштырмалуу 6 684кө көп болууда.
Маалымат үчүн:
Ата-энесинин (атасынын же энесинин) өздөрүнүн инсандыгын ырастаган документтери жок болгон учурда кандай болот?
Ымыркайдын төрөлгөнүн каттоого алуу туулгандыгы боюнча актынын көчүрмөсү менен туулгандыгы тууралуу актыга жазуу жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Бул көчүрмө ата-энесинин (атасы же энеси) инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөн учурга чейин социалдык жана медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу укугун камсыз кылуучу документ менен теңдештирилет.
Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү атасы же энесинин алардын инсандыгын ырастаган документтерин көрсөткөндө берилет.