"Ош электрдин" мурдагы директору 1 млн. сом пара алууга шектелип кармалды

Ишкананын мурдагы директору 20-январда кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. "Ош электр" ишканасынын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов бир миллион сом пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Финполго "Б" Жабык акционердик коомунун директору арыз менен кайрылып, аталган ишкананын жетекчилигине чара көрүүнү сураган.
"Жабык акционердик коомунун өкүлү "Ош электр" ишканасына мурда тендерден утуп алып, аткарган иши үчүн бериле турган алты миллион сомун сурап кайрылган. Андан соң ишкананын директору өзүнүн жеке банктык эсебине пара түрүндө бир миллион сом которушун талап кылган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК: Соцфонддун Талас боюнча жетекчиси пара берип жатып кармалды. Сүрөт
Буга байланыштуу 20-январда Дыйканбай Даминов кармалып, Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Аталган факты Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен КЖБРге катталды.
Дыйканбай Даминов "Ош электр" ишканасына директор болуп 2013-жылы дайындалып, алты жыл иштеген. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого "Биримдик" партиясынын тизмеси менен катышкан.