Экс-министр Молдомуса Конгантиевдин жубайы дүйнөдөн кайтты

Молдомуса Конгантиев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички иштер министри болуп эмгектенген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин жубайы Базаркүл Нурбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
"Жетекчилик, коллегиянын мүчөлөрү, Ардагерлер кеңеши, Генералдар клубу жана министрликтин ички курамы маркумдун үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтуу менен аза кайгысын тең бөлүшөт", — деп айтылат маалыматта.
Молдомуса Конгантиев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Кыргызстандын ички иштер министри болуп эмгектенген.