Кудум кинодогудай. Жапаровдун инаугурациясына кандай даярданып жатышат. Видео

Мамытовдун жарлыгына ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.
Sputnik
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү, тагыраагы, "Ала-Тоо" аянтына кеткен жолдор убактылуу жабылды.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы буга байланыштуу тыгын жаралганын билдирди.
Инаугурация өткөрүүгө канча каражат сарптала турганы айтылды
Ал эми Бишкек шаардык кайгуул күзөт милициясы жолдор болжол менен 20 мүнөткө жабылганын кабарлап, президенттин инаугурациясына даярдык иштери жүрүп жатканын билдирди.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов "Жаңы шайланган президенттин кызматка киришүү аземин даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө" жарлыкка кол койду. Ага ылайык, 2021-жылдын 28-январында өтө турган инаугурацияны даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү.