Sputnik Кыргызстан агенттиги окумуштуу тилчини эскерип, анын өмүрү жана чыгармачылыгындагы кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Кытайга качкан өспүрүм. Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда туулган. Кичинесинен чоң ата, чоң энесинин колунда өсүп, кийин өз атасы менен энесинин колуна келген. Жакындары аны он жашында молдого берип, 1914-жылы Караколдогу тузем мектебине кирип окуган. Эки жылдан кийин Кытайга качып, калмактын балдары менен кой кайтарып курсагын тойгузуп жүрүп калмакчаны үйрөнүп алган. Бөтөн жерде беш жылдай күн көрүп, уйгур, татар тилин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөп калган.
Катчы, кабарчы... 20 жашында кичи мекенине кайтып келгенде айыл кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштейт. 1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна окуганы кетип, ал жактан казак тилин өздөштүрөт. Бир жылдан соң "Эркин-Тоо" гезитинин чыгаруу тобуна кирип, ал жакта жигердүү иштеп, макалалардын орфографиясын текшерген. Редакция Пишпек шаарына көчүп кеткенде студент жигит атайын кабарчы болуп окуусун улантып, ал жактагы кыргыз балдар, кыздарга сабак берген. Ошондой эле Бүткүл союздук коммунисттик партиянын борбордук комитетинин Орто Азия бюросунда котормочулар жана рецензенттер тобунун мүчөсү болууга жетишкен.
Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Алгачкы агартуучулардын бири. Карасаев кыргызстандык көрүнүктүү илимпоздор менен жакшы мамиледе болуп, 1926-жылы Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиев менен Баку шаарында уюштурулган түркологдордун биринчи съездине катышкан. Кийин билимин тереңдетүүгө ашыккан жаш жигит Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна тапшырып, ал жактан бурят, монгол, араб, фарси, немис тилдерин үйрөнүп, кыргыз тилинен да сабак берген. Карасаев замандашы Касым Тыныстанов менен жаңы алфавитке өтүү аракетин көрүп "Сабат ачкыч" деген китепчесин чыгарып, мугалимдер курстарын уюштуруп, аларга латын тамгасын үйрөткөн. Ал эми Ишенаалы Арабаев экөө чоңдор үчүн "Жаңылык" деген алиппе окуу китебин жазган. Ал эмгек кыргыз элинин 65 пайызынын сабатсыздыгын жойгон.
Саякбайды борборго алып келген. Илимпоз 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, ал жылдары адабият жыйноо боюнча инструкция жазып, элден сураштырып жүрүп Ысык-Көлдөн айтылуу манасчы Саякбай Каралаевди таап, борбор калаага алып келген. Андан соң окумуштуу, илимпоздор менен тааныштырып, алардын сынынан өткөргөн жайы бар.
"Көл башына барып манасчы, семетейчи барбы деп издеп жүргөндө Кара ырчыны таап, Семетейди жазып алдым. Андан кийин Караколдон алыс эмес жерде Маман деген кыштактан Кайдуу деген карыя: "Жакында эле Чоюке манасчы дүйнөдөн өтүп кетти. Акыркы чоң күлүк ошол болчу. Ошол Чоюкеден таалим алган Карала уулу Саякбай деген ушул кыштакта. Ал жаш. Анын Тайторунун чаптырган жерин илгери чоң манасчылар да айта алган эмес. Чоң казаттан айтат. Ошондон жазсаң болот", — деди. Ошентип Саякбайды алып кетмекчи болдум. Бирок Саякбай Ак-Шыйракка кетип калган экен, бир нече күн убактым текке кетти, Бейшемби ажынын жардамы менен Саякбайды алып келдим. Мен Саякбайды ошол оор, татаал кезде алып келгениме азыр да курсант болом. Элиме кылган чоң кызматымдын бири деп эсептеймин", — деп жазган Карасаев.
Ошентип Каралаевдин айтуусундагы улуу эпос жаздыруу иштери башталып, кийин алар Москвага чейин барышкан. Тилчи менен залкар манасчы ынак достордон болуп жакшы катышып турган. Андан сырткары, Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип чыгармаларын академиянын фондуна алдырган.
Тилчи 29 жашында Айша Карасаевага (Түмөнбаева) үйлөнүп, жашоодогу оор күндөрдү бирге басып өтүшкөн. Жубайлар үч кызды татыктуу тарбиялап чоңойткон
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Куугунтукка кабылган тилчи. Эмгек Кызыл Туу орденинин ээси 1931-жылы Кыргыз маданий курулуш илимий изилдөө институтунда улук илимий кызматкер, эки жылдай Жалал-Абад педагогикалык техникумунда мугалим болуп эмгектенет. 1933-жылы "Туран" партиясынын мүчөсү деген жалаа менен камалып, үч айдан кийин боштондукка чыккан. Бирок үч жылдай куугунтукталып 1936-жылы гана орус-кыргыз сөздүгүн даярдоо үчүн Москвага чакыртылат. Бир жылдан соң ал иштер кайра токтоп калып, бөтөн жерде ишсиз калат. Так ошол маалда Карасаевдин Кыргызстандагы кесиптеш, замандаштары биринин артынан бири камалып, айрымдары шум ажалга туш болгон.
Жакындарына тынчсызданган ата. 1938-жылы кайра сөздүк түзүү иши уланып, СССР Эл комиссарлар советинин "Бюллетенинин" редактору болуп турган. Согуш башталганга чейин Карасаев менен Константин Юдахин Москвада орус-кыргыз сөздүгүнүн үстүнөн күнү-түнү иштеп, бир топ бөлүгүн бүтүп калышкан. Фашисттик Германия Советтер Союзуна кол салганда Карасаев аскер комиссариатына барат, бирок аны фронтко албай коюшкан. Түрколог ал кезде бала-бакырасы менен СССРдин борборунда болчу. Ошондуктан келинчегин жана үч баласын Фрунзеге жиберип, өзү Москвада калган. Немис баскынчылары шаарга жакындаган учурду күндөлүгүнө мындайча баяндаган.
"Кечке противогаз асынып жүрөбүз. Күнүнө нечен жолу тревога болот. Чатырларга чыгып алып күйдүргүч бомбаларды өчүрөбүз. Совет бийлиги чымырканып иштеп жатат. Өлсөк да душманды жеңүү керек деген пикир ар кимдин башында. Бир күнү Москванын айланасын чыңдоо үчүн бардыгыбыз талаага чыктык. Аң казуу, тосмо жасоо иштери жүрүп жатат", — деп жазган Карасаев.
Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
Алты жылга созулган кордук. 1944-жылы кыргыз-орус сөздүгү жарыкка чыгып, Карасаевге мамлекет тарабынан сыйлык берилип, ошол эле жылы кандидаттык диссертациясын Алматыда жактайт. Кийинки жылдары жогорку окуу жайларда сабак өтүп, шакирттерди тарбиялап өзүн билим берүүгө арнаган. Ошол учурда изилдөөчү окуу куралдарын жазып, окуучулар үчүн морфологиялык, орфографиялык сөздүктөрдү жарыкка чыгарган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин түрдүү сыйлык, наамдарына татыган. 1950-жылы эл душманы делип партиядан чыгарылып, жумуштан айдалат.
Ошол кезеңди анын байбичеси Айша Карасаева мындайча эскерген:
"Акты жашым, агарды чачым, не көрбөдү азиз башым, ак эмгегим журт алдында жүзүмдү агартат" деп талыкпастан үйдө иштей берди", — деген ал.
Окумуштуу кызматтан алынып, эмгектери жарыяланбай алты жылдай үй камагында болгон. Ал үчүн андан өткөн кордук жок эле, бирок илимпоз ага дагы сынган эмес. Ошол жылдары да жөн жатпай "Баштан өткөн мажара" деген өмүр баянын жазганга да жетишкен.
Баа жеткис мурастардын автору. 1956-жылы кайра партиялык билетин алып, Кыргыз мамлекеттик университетинде иштеп бир топ күчтүү шакирттерди тарбиялай алган. Биринчи даражадагы "Манас" орденинин кавалери 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макалалардын автору. Анын 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептери эл арасында "Карасай сөздүк" деп аталып келет. Мисалы, "Камус наамага" араб, фарси, монгол, калмак, кытай, дунган, уйгур, орус тилдеринен кыргыз тилине кошулган 5000ден ашык сөздүн, терминдин, жер-суу жана адам аттарын, макал-лакаптарды чечмелегенин жазган. Ошондой эле Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон.
Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 97 жашында көз жумуп, сөөгү Каракол шаарына коюлган
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
19 тил билчү. Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн. 29 жашында кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаевага (Түмөнбаева) үйлөнүп, жашоодогу оор күндөрдү бирге басып өтүшкөн. Жубайлар үч кызды татыктуу тарбиялап чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты болгонго чейин жетишкен. Ал эми кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин докторлугуна чейин жетишип, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу. Залкар инсан өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин илим, чыгармачылык менен алектенип жүрүп 97 жашында көз жумуп, сөөгү Каракол шаарына коюлган. Азыр анын ысымын Бишкектеги бир көчө жана жогорку окуу жай алып жүрөт.
Макала Ысык-Көл облустук архивдин материалдарынан, Айша жана Кусеин Карасаевдин жарыкка чыккан эмгектеринин, шакирттеринин эскерүүлөрүнүн негизинде жасалды.