Эки тараптуу пневмония. Балдар хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү

Инфекциялык оорукананын жетекчисинин айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинип, дароо жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын балдар хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмонияга кабылып Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасына түштү. Маалыматты Sputnik агенттигине аталган оорукананын жетекчиси Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, Өмүрбеков ооруканага кечээ, 19-январда, таңкы саат 05.00дөр чамасында алып келинген.
"Оор акыбалда келди. Дем алуусу кыйындап жатыптыр. Дароо реанимация бөлүмүнө жаткырдык. Керектүү дары-дармектерди алууда. Абалы турукташып калды десе болот, бирок жандандыруу бөлүмүнөн чыга элек", — деди Аалиев. 
Талант Өмүрбеков Кыргызстанга таанымал дарыгер. Ал Бишкек шаардык Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынын мурдагы дарыгери, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын балдар хирургиясы кафедрасынын жетекчиси, профессор, медицина илимдеринин доктору.