Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өтөт

Маалыматка караганда, иш-чараны уюштуруу боюнча комитетти президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январь күнү өтөт. Бул тууралуу президенттин аппаратындагы ишенимдүү булак билдирди.
Маалыматка караганда, иш-чараны уюштуруу боюнча комитетти президенттин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов жетектейт. Салтанат Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында болору айтылды.
Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын жарыялады. Ага ылайык, Садыр Жапаров шайлоочулардын 79,2 пайыз добушун алып жеңип чыкты.