Кыргызстандан үч калыс ФИФАнын абройлуу тизмесине алынды

Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардын алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын үч калысы Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) 2021-жылдагы тизмесине киргизилди. Бул тууралуу өлкөнүн футболдук союзунан кабарлашты.
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган
Ата мекендик футбол адистери Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Нурзат Аскат уулу алгачкы ирет аталган тизмеге алынган. Дүйнөлүк уюмда Кыргызстандан жалпысынан 17 калыс бар. Алардан алтоосу футбол калысы, сегизи жардамчы (каптал калысы) жана үч калыс футзалдан.
Таластык Куценко, токмоктук Бивол. Кыргызстанда төрөлүп чет жакта атагы чыккандар
Белгилей кетсек, Дайырбек Абдылдаев, Нурзат Аскат уулу, Денис Шалаев, Медербек Тайчиев, Зайниддин Алимов жана Вероника Бернацкая ФИФА тизмесиндеги реферилер. Аталган тизме авторитеттүү болуп саналат.
Сергей Грищенко, Исмаил Талипжанов, Замир Чыныбеков, Элдияр Салыбаев, Рамина Цой, Артем Скопинцев, Хусан Джалалдинов, Канат Мырсабеков реферинин жардамчысы болуп саналат.
Ал эми Нурдин Букуев, Чыңгыз Мустафаев жана Элдияр Келдибеков ФИФАнын футзал калыстарынын катарында.