БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жозеф Байдендин администрациясы инаугурациядан кийин СНВ-3 келишиминин узартылышы боюнча маселени карашы мүмкүн. Sputnik радиосунун обосунда бул маселени аскердик саясат таануучу Андрей Кошкин айтып берди.
Анын айтымына караганда, Ак үйдөгү команда бул келишимдин узартылышы боюнча иштейт.
Мамлекеттик катчыга талапкер администрация муну менен бирге эле ракета менен кол салууга каршы коргонуу системасынын чектелиши боюнча кандай гана чара болбосун макул болбой тургандыктарын айтты.
Sputnik радиосунун обосунда Россиянын Плеханов атындагы Экономика университетинин саясат таануу жана социология кафедрасынын жетекчиси Андрей Кошкин бул боюнча комментарий берди.
"СНВ-3 долбоорун узартуу боюнча демилгеден улам Байдендин администрациясын кубаттоого болот. Кайсы бир жактан алып караганда бул АКШ менен РФ ортосундагы өз ара кызматташуу өңүтүн өзгөртөт. Бул — жарыша куралдануунун артынан түшүп алууну кармап турган механизмди сактап калууга умтулуу. Кыязы, администрациянын АКШда страгегиялык куралданууну кармап туруу боюнча жаңы саясатынын башталышы. Ал эмне болгон күндө да башка макулдашууларды түзүүгө алып келет. Бул бир канча мамлекеттердин, анын ичинен АКШнын да өзөктүк куралдарды толук көзөмөлдөө боюнча башка макулдашууларды түзүүсүн шартташы мүмкүн", — деди Кошкин.
СНВ-3 негизинде ар бир тарап өзөктүк куралдарын жети жылдан кийин алардын саны континент аралык баллистикалык ракеталардын, суу астында жүрүүчү кайыктардын баллистикалык ракеталарынын жана бомбалоочу оор техникалардын санын 700дөн жана башка техникалардын санын да айтылган чектен ашырбаш керектиги каралган.
СНВ-3 — Россия менен АКШнын ортосундагы куралданууну чектеп турган жалгыз келишим. Анын мөөнөтү 2021-жылдын 5-февралында соңуна чыгат, эгер узартылбаса, ири өзөктүк державаларды тизгиндеп турган нерсе калбай калат.