БИШКЕК, 18-янв.— Sputnik. Россиянын бардык жеринде бүгүндөн, 18-январдан тарта, коронавируска каршы жапырт эмдөө башталгандыгын РИА Новости жазды.
Россиялыктар каттоодон өткөн "Спутник V" же "ЭпиВакКорона" вакциналарынын бирин өзүнүн тандоосу менен ала алат. Эмдөө бекер.
Былтыр декабрда Россияда жарандардын аныкталган категориясына эмдөө жүргүзүү боюнча масштабдуу кампания башталган. Ириде медицина кызматкерлерине, мугалимдерге, өнөкөт оорусу барларга жана социалдык тейлөө тармагында иштегендерге жасалган.
13-январда Россия президенти Владимир Путин өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коронавируска каршы эмдөөнү жапырт жасоо боюнча тапшырма берген.
Көп убакыт өтпөй Россиянын Саламаттык сактоо министрлиги аймактарда COVID-19га каршы вакцинаны сайган жайларды көбөйтүү ишин колго алган.
Учурда Россияда "Спутник V", "ЭпиВакКорона" жана "Вектор" вакциналары иштелип чыкты.