Кадыры кеткен наам-сыйлыктар. Чындап эле пайда-батасы жокпу?

Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин окуясынан кийин тилектештигин билдирип бир катар ырчы-чоорчулар Маданият министрлиги берген төш белги, диплом, медалдарын тапшырарын айтып чыгышты. Артисттер үчүн наам-сыйлыктын кадыры жоголдубу. Sputnik байкаштырып көрдү.
Sputnik
Эскерте кетсек, Курал Чокоевдин чакырган мейманын шылдыңдап-мазактап, уят сөздөрдү айтууга жол берип, кальян чеккен программасы бир топ ызы-чуу жаратты. Аталышы да оозго алгыс берүү Чокоевдин YouTube-каналына эки жолу чыгып, биринде Кайрат Салмакеев, экинчисинде Кайрат Примбердиев конок болгон. Элдин сыны менен нааразылыгынан кийин Чокоев ал долбоорун жабууга мажбур болгон.
1 / 2
Ырчы Кайрат Салмакеев (Кайрат Кыргыз)
2 / 2
Ырчы Кайрат Примбердиев
Мындан кийин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Чокоевге 2011-жылы ыйгарган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу боюнча буйрук чыгарган. Ошону менен бирге президенттин аппаратына Кайрат Примбердиевди "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратууну сунуштап кат жолдогон болчу.
Курал Чокоев "Маданияттын мыкты кызматкери" белгиси ал үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин, пайдасы да жогун айтып чыккан. Ырчынын айрым кесиптештери да колдоо иретинде наам-сыйлыктардан азыр эч кандай пайда-бата жок экенин, керек болсо анын баарынан баш тартууга даярдыгын айта башташты.
Искусство өкүлдөрү чыгармачылык жолунда алган наам-сыйлыктарынын чынында эле кадыры жокпу? Биз ушул суроонун айланасында ой жүгүрттүк.

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси

"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси чынында ээсине эч кандай артыкчылык бербейт, айлыгына да кошумча боло албайт, жеңилдиги да жок. Бул белги менен маданияттын өнүгүүсүнө жекече салым кошкон адамдар сыйланат. Мындай сыйлык ар тармакта бар, мисалы, "Билим берүүнүн мыкты кызматкери", "Медицинанын мыкты кызматкери" жана башка. Эч кандай артыкчылык бербесе да баркы бир топ эле. Бул сыйлыктын эң жаш ээси болуп аны 10 жашында алган манасчы Үмөт Дөөлөтов эсептелет.

"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы

Ачык булактардагы маалыматка караганда, "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" наамы артисттер менен режиссёрлордон баштап хор жана хореографиялык топтордун жетекчилерине чейинки чыгармачыл адамдарга ыйгарылат.
Сөгүнүүнү тыйган мыйзамды кайтаралыбы? Оозуна ээ боло албагандар кандай жазаланмак
Бул наамды алыш үчүн талапкер искусство жана маданият чөйрөсүндө 15 жылдан кем эмес убакыт иштеп, театр, музыка, кино, теле жана цирк искусствосу боюнча ири ийгиликтерге жетишиши керек. Башкача айтканда, эмгегин эл баалап, эл сүймөнчүлүгүнө татуу зарыл.
15 жылга жетпей эле аталган наамдын ээси болуп калгандар бар. Мисалы, эстрада ырчысы Самара Каримова 26 жашында "эмгек сиңирсе", Эрнис Абдыжапаровдун "Саякбай" фильминде айтылуу манасчынын образын жараткан Марат Жантелиев аталган наамга өмүр бою театрда иштеп 57 жашында, өлөрүнө бир жыл калганда араң жеткен. Ушундай эле наамга Кайрат Примбердиев да ээлик кылат.

Искусство адамдары эмне дейт?

Театр жана кино сценаристи, драматург, котормочу, акын Алтынай Темирова
Алтынай Темирова былтыр 60 жашка толду. Ар кыл конкурстарда алдыңкы орундарга татыган төрт театралдык постановка, Кыргызстандан башка бир катар мамлекеттерде көрсөтүлгөн эки даректүү тасма, дүйнөлүк классикадан үч спектаклдин кыргыз тилине которулушу жана коюлушу — мунун баары Темированын эмгеги. Мындан тышкары, ал сценарист, бир нече китептин автору. Эл аралык адабий фестивалдарда далай ирет Кыргызстандын намысын коргоп, чет элдиктерди кыргыз адабиятынын классикасы менен тааныштырып келген. Бирок дагы деле "эмгеги сиңе элек".
Сыйлык алчулардын документин ачып караган киши жок. Мен билген 7 чындык
— Тартынчаакмын го. Тааныш-билиш деле издеген жокмун, жөн гана ишимди жасап жатам. Негизи бул өң-тааныш менен жасалчу нерсе эмес да. Министрлик өзү байкап, баалап алышы керек, бирок ал жактагылар менин бар-жогумду деле билишпесе керек.
Кыргыз драма театрында бир нече жыл адабий бөлүмдү жетектедим. Наам ыйгарууга документтерди даярдап, комиссияга жөнөтүү менин милдетим болчу. Театрда иштеген жүз кишинин ичинен татыктуусун тандап, документтерин чогултуп министрликке жөнөтчүмүн. Бирок эмнегедир сыйлык таптакыр күтүүсүз адамдарга берилип калчу, татыктуулар чанда гана алып калар эле. Комиссияны караш керек, ал жакта абийирдүү адамдардын отурушу кажет. Бул тармак эбактан бери реформага муктаж.
Ырчы, актриса, КРдин эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева
— Мен "Эмгек сиңирген артист" наамын алган 2009-жылы айлыкка 5000 сом кошулчу, эки-үч жыл ушундай айлык алып жүрдүм. Азыр мамлекеттик мекемеде иштесең белгиленген 2500 сом аласың. Стажың, тажрыйбаң, эч нерсең каралбайт. Эмгек сиңиргендердин баары ушундай акча алат. Мындан сырткары, жылына эки ирет Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарыланууга укугубуз бар.
Мен үчүн алган ар бир грамотам, дипломум баалуу. Бул элдин сүйүүсү, менин чыгармачылыгыма болгон сый. Демек, мени таанып-билишет, жакшы көрүп угушат. Мен үчүн эң маанилүүсү ушул.
Кино жана театр актёру Назым Меңдебаиров
— Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын башкы режиссёру жана көркөм жетекчиси Назым Меңдебаиров кино жана театр искусствосу үчүн көп эмгек кылган адамдарга мамлекеттин көңүл бурбай жатканына нааразы болду. Анын айтымында, сыйлыктарга көбүнесе шоумендер татып келет.
Созгон сайын үнү ачылып... Токон Эшпаевдин сүрөттө калган элеси
— "Кийимине карап..." деген сөз бар го, бизге, артисттерге, ошол наамга карап мамиле жасашат. Жадагалса туугандар да ошентет. Өмүр бою театрда, кинодо иштесең, наамың болсо сага башкача мамиле жасалат. Анткени наам — бул мамлекеттин биздин эмгегибиз үчүн айткан жападан жалгыз ыраазычылыгы, рахматы. Айланаңдагылар да өлкө сени баалап-барктаганын билип, жөн эле ары-бери басып жүрбөгөнүңө ынанышкан сыяктуу. Наамың жок болсо "тааныш издебейсиңби" дешет. Антип сыйлык деле алгың келбейт.
Азыр ар бир театрда наамга талапкерлердин чаң баскан документтери толтура. Мен курактуу Аскат Сулайманов, Альбина Имашева, Нурлан Салидинов кино менен театр искусствосуна кандай салым кошушту, бирок ушу кезге чейин эч нерсе алыша элек! Театрыбызда 60ка келип калган Айсалкын Осмонова эжебиз бар, керек болсо "эмгек сиңиргенди" ала элек. "Эл артистин" ала турган актрисаларыбыз бар. Мен деле 2000-жылдан бери "Эмгек сиңирген артист" наамына көрсөтүлүп келе жатам, 20 жыл өттү, жок. Буга чейин мамлекет тарабынан кичине жакшыраак көңүл бурулчу. Биз дайым эл менен бийликтин ортосундагы көпүрө болуп келгенбиз. Азыр болсо шоумен, ырчылардын заманы. Көбү шайлоо өнөктүгүндө иштейт, ушундан улам да наам алгандар көбөйдү.
Театр жана кино актёру Азиз Мурадиллаев
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев наам ыйгаруу процессин кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи.
— Бул наамдар бизге Советтер Союзунан мурасталып калган. Ал убакта сейрек ыйгарылып, чындап татыктуулар алчу. Наамдын күчү зор эле, кадыры күчтүү боло турган. Азыр, тилекке каршы, баркы кетти, "эмгеги сиңгендер" ого эле көп, мунун себеби да толтура. Наам ыйгаруунун ыраатын карап чыгуу зарыл.
Мурадиллаев аталган наамды режиссёр Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасындагы Алымбек датканын ролу үчүн алган. Азыркы тапта мамлекеттик мекемеде иштебегендиктен 2500 сом кошумча акы албайт.

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы

"Кыргыз Республикасынын эл артисти" наамы бир нече жыл мурун (5 жылдан кем эмес) "эмгек сиңирген" наамын алган искусство менен маданияттын кесипкөй, эл тарабынан эмгеги бааланган адамдарына ыйгарылат.
Белгилүү актёр, Эл артисти Чоро Думанаевдин айтымында, бул ардактуу наам айлыкка бир топ акча каражатынын кошулушун шарттайт (ачык булактардагы маалымат боюнча 5000 сом). Мындан тышкары, жубайы жана 18 жашка чейинки балдары Президент менен өкмөттүн иш башкармалыгынын ооруканасынан акысыз текшерүүдөн өтүп, дарылана алат.
— Балдар дарыланып деле кыйраткан жок, байбичем экөөбүздөн арткан жок, — дейт ооруканага жатууга камынып жаткан Думанаев.
Тилекке каршы, акыркы эки жылда кыргыз эли режиссёр Бакыт Карагулов, актёрлор Ашырбек Чокубаев, Турсун Уралиев, композитор Калыйбек Тагаев, айтылуу акын Элмирбек Иманалиев сыяктуу бир катар залкарларынан айрылып калды.
Ал арада Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маалыматына таянып президенттин маалымат кызматы Кайрат Примбердиевдин наамы сакталып калганын кабарлады.
Көп өтпөй маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков ырчылар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев менен жолугуп, мындан ары пайдалуу демилгелерди биргеликте аткаруу боюнча макулдашуулар болгону айтылды.